Төрт-Күл айылынын мечитин оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылынын “Касмакун уулу Бейшен” атындагы мечитин оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда аталган мечиттин имамы Таалайбек Букаев билдирди.

Анын айтымында, мечиттин айланасын курчоо, иретке келтирүү иштерине кеткен чыгымды жергиликтүү жамаат жана айыл тургундары тарабынан жүргүзүлүүдө.

«Мечитти урматтап, сыйлап, таза кармоо милдет экендигин айтып, элибизди ар кандай терс агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруудабыз. Учурда мечитибиздин оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, жылуулук менен камсыздап, кышка толугу менен даярбыз. Суу түтүгүн дагы киргизип, анын ичинде ысык суусу дагы бар»,-деди Таалайбек Букаев.