Баткенде «Имам Азам» медресесинде студенттер арасында Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 12-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Имам Азам» медресесинде биринчи курстар арасында Куран жаттоо боюнча жарыш өткөрүлдү.

Медресе мүдүрү Исмаил Сайназаровдун айтымында, Куран жарыш студенттерди окууга болгон кызыгуусун аттыруу максатында медресе мугалимдеринин жамааты тарабынан уюштурулду.

Куран жарыштын жыйынтыгында 1- орунду Мумтозбегим Юлдашева, 2- орунду Хадижа Нурлан кызы, 3-орунду Малика Нурманбет кызы жеңүүчү аталып, аларга уюштуруучулар тарабынан белектер тапшырылды.