Орозо молдо тууралуу уккансызбы?

Өз аты Молдо Мурзакан Умаров (1906-1988)
Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы айтылуу Исфайрам (Иса-Марям) дарыясынын жээгинин күн батыш тарабында Кара-Жыгач айылында эл арасында: «Орозо молдо»-деген ысым менен атагы алыска кеткен, Кудайга кулчулук кылган бир пенде жашап өткөн.
Жаштайынан илимге ынтызар болгон Мурзакан чоң атабыз эр жетип, чогуу өскөн достору менен биргеликте айыл аксакалдарынын, ата-энелеринин ак баталарын алып,ашуу ашып, илим издеп Тажикстандын Жерге-Тал районуна барышат. Ал жерде шарият илимдерин 5 жыл окуп, устазынын батасын алып туулган жерине кайтат. Мекенине келип алган илимин жайылтуу максатында бала окутуп, дин кызматтын кылат. Арадан көп убакыт өтпөй, тынч жашап жаткан совет элине фашисттик Германия кол салат. Көптөгөн эр азаматтардын катарында душманга каршы колго курал кармап, мекенди коргоо үчүн жоого аттанат. Улуу Ата-Мекендик согушта жүргөн мезгилинде да намазын үзбөй окуп, Куранын хатым кылып жүрөт жана «аман-эсен эл-журтума барсам, өмүрүм өткөнчө жыл айланта орозо кармаймын»-деп Жаратканга убада берет. (Назр маселеси).Тилеги кабыл болуп, алты саны аман мекенине кайтат. Өз убадасында туруп, өмүрүнүн акыркы көз ирмемдеринде да: «Күндүздүн күнү аманатты тапшырсам, оозума суу тамызбагыла, орозо оозум менен акырет сапарына аттанайын»-деген экен.
Мурзакан Умаровдун сөзүн жерге таштабай жакын туугандары, эриндерине суу тийгизбей күндүздүн күнү орозо оозу менен, ыйман келмеси менен жалган дүйнөдөн чыныгы дүйнөгө узатышыптыр.
Бул «Жогорку даражадагы эрктүүлүк, жоопкерчилик,Кудайга болгон чыныгы сүйүү мусулман баласына таандык асыл сапат»- деп айтсак жаңылышпайбыз. Өз напсисине ээлик кылуу, тактап айтканда напсинин каалоосуна каршы туруу олуялык макаамга (даража) жеткирет эмеспи.
Мындай адамдар бирөөнүн акысын жебейт, аманатты аманат-деп билет, жадагалса мамлекеттик деңгээлдеги кызматкер болсо да өз эли-журтуна кыянаттык кылбайт.
«Убадага бек болуу»-ыймандын талаптарынан болгон себептүү, сиз менен биз бири-бирибиздин алдыбыздагы мамилелерибизде (кызматтык, алды-берди, соода-сатык ж.б.) канчалык деңгээлде сөзүбүзгө бек болуп сөзбүздүн үстүнөн чыга алып жатабыз же керт башыбыздын кызыкчылыгын алдыга коюп турабызбы, ойлонойлучу?

«Чоң -атабыз Молдо Мурзакан 82 жыл өмүрүнүн 44 жылын жыл бою орозо кармоо менен өткөрүп, бир да жолу оорубаптыр, дары-дармек ичпептир, укол да албаптыр. Албетте, орозо кармоо ден соолукка пайдалуу экендигин Кудайдын каалоосу менен амал жүзүндө (иш жүзүндө) кылганын эми түшүнүп жатпайбызбы. Азыркы өнүккөн медицина, япон профессорлору «Ачка болуу менен дарылоо»-деп адамдын организминдеги зыяндуу заттарды сүрүп тазалашууда. Мурзакан Умаров орозо кармагандыгын башкаларга милдет кылбастан эл катары колхоз-совхоздо кырманчы болуп, чапар айдап (арпа -буудай жанчып), дан сапырып жайдын ыссык узун күндөрүн өткөрүптүр. Мал багып кыш чилденин суук күндөрүн өткөрүптүр»,-деп эскерет айылдаштары.

Ал эми биз бүгүнкү күндө парз болгон Рамазан айынын орозосуна күн санап, араң чыдайбыз.
Мурзакан Умаров чоң атабыз өмүрлүк жубайы Малика энебиз  менен биргеликте 4 уул,3 кызды жогорку билимдүү кылып тарбиялап өстүрүштү. Ата-энеден татыктуу ыйман тарбиясын алган балдар, айылдык мечитти 2007-жылы заманбап кылып кайра башынан куруп беришти.
Орозо Молдо чоң атабыздын урматына Кара-Жыгач айылынын эли 1997-жылы айылдык мечиттин атын «Ороз Молдо Мурзакан»атындагы мечит деп аташты.
Бүгүнкү күндө мечит  мамлекеттик каттоодон өткөн жума мечиттеринин катарында, элибизге Ислам, ыйман  сабактарын берип кызмат кылып келүүдө.
Жараткан Алла Таала Орозо Молдо Мурзакан чоң атабыздын кабырын нурга бөлөп, Өзүң убада кылган Раяан бейишиңден насип кыл!

Макаланы даярдаган: Баткен казыятынын маалымат кызматы
«Орозо Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибеков.