Ноокат районунда Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылындагы жергиликтүү мечитте 10, 20 жана 30 пара Куранды жатка айтуу боюнча жарыш өткөрүлдү. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, медресе окутуучулары жана окуучулар катышты. Жарыштын жыйынтыгында райондун баш имам хатиби жаштар арасында билимге ынтызар, идиректүү балдар көбөйүп бара жатканын белгилеп, жеңүүчүлөргө сыйлыкарды тапшырды.

 «Ноокат районунда билимдүү жаштардын катары көбөйүп жатканы мени кубандырат. Алсак, Куранды тажвид эрежелери менен окуган жаштар күн сайын көбөйүүдө.  Биз илим талап кылуучуларын,  илимге болгон кызуугалырын мындан дагы арттыруу максатында ушул иш-чараны уюштурдук», — деди Музаффар ажы Турдубаев.