Кадамжайда мечит жана медресе кызматкерлери тазалык иш-чарасын уюштурду

Кечээ, 12-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү «Лангар Азиз» мечитинин жана  «Ак Эшан Ата » медресенин кызматкерлери  жана жергиликтүү жашоочулар менен чогуу жолдогу ташталган таштандыларды  тазалашты.

«Тазалык ыймандан» деп айтылат динибизде ошондуктан ушул сөзгө амал кылып, эл менен биргеликте тазалык иш-чарасын уюштурдук.Бул сыяктуу иштерди дагы улантабыз»,- дейт уюштуруучулар.