Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов: «Шүгүр кылуу адамды өстүрөт, шүгүрсүздүк чөктүрөт»

Кечээ, 12-ноябрда Баткен шаарынын баш имам хатиби  Абдурашид ажы Юнусов Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын жашоочулары менен жолугушуп, «Шүгүр кылуу» деген темада баяндамасын жасады.

Эл менен жолугушууда Абдурашид ажы Юнусов «Шүгүр кылуу өстүрөт, шүгүрсүздүк чөктүрөт» экендигин баса белгилеп, аят, хадистердин негизинде түшүндүрүп берди.

«Жараткандын берген жакшылыктарына жана сыноолоруна шүгүр келтирип жашаган адамды гана ийгиликке жеткирет. Ал эми жашоодо терс көрүнүштөр, бузукулук биздин шүгүр келтирбей жатканыбыздан кабар берет. Андыктан шүгүр келтирип жашасак Жараткан Алла Таалам жашообузду мындан дагы бакубат, ырыскы берген болот»,-деди Абдурашид ажы Юнусов.

Ал эми жергиликтүү жашоочулар өз суроолорун, сунуштарын айтып, шаардын баш имамына ыраазычылыктарын билдиришти.