Медреседе кесипчилик билим алгандардын 65 пайызы жумуш менен камсыз болушту

Кыргызстан аймагындагы «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында 65% жаштар жумуш менен камсыз болушту. Бул тууралуу “АВЕП” коомдук фондунун долбоорунун координатору Нарынбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында Кыргызстандын аймагында жаштар арасында лидерлик сапатты, толеранттуулукту, атуулдук жоопкерчиликти күчөткөн пикир алмашуу дискуссиялары өтүп жатат. Анда медреседе окуган жаштар менен мектепте окуган окуучулар пикир алмашып, өз ара пайдалуу болгон иш-чараларды бирге өткөрүүдө.

«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоору өлкөнүн 7 облусунун 28 медресе иш алып барууда. Ал жерде билим алган жаштарга суроо-талап муктаждыгы күч болгондуктан ар кандай кесиптер үйрөтүлүүдө. Тактап айтканда ашпозчу, электрик, ширетүүчү, тикмечи, бал челекчи ж.б. бир топ кесиптерди үч айдын ичинде үйрөнүп чыкканга шарт түзүлгөн. Долбоордун алкагында жаштардын жумуш менен камсыз болушу бүгүнкү күндө 65%ды түзүп жатат”,-деди Нарынбек Кыдыргычов.