Баткен шаарындагы Муаз ибни Жабал медресенде футбол боюнча тайпалар ортосунда таймаш өттү

Баткен шаарындагы  Муаз ибни Жабал медресесинин 1-2-3-4 курс студенттери арасында спорттун кичи футбол оюну боюнча мелдеш өттү.

Медресе мүдүрү Исираев Султанмурат ажы: «Спорт ден соолукту эле эмес, ынтымакты, достукту бекемдейт. Ошондой эле динибизда сергек жашоого чакырат. Андыктан студенттердин ар тараптан өнүктүрү үчүн аталган иш-чара уюштурулду»,-деди медресе мүдүрү.

Спорт оюнун жыйынтыгында 1-орунду 3-курстун, 2-орунду 1-курс, 3-орунду 2-курстун  студенттери камсыз кылышты. Ар бир командага  уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер тапшырылды.