“Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имамы Мырза каары Осмонов жаштарды адептүүлүккө чакырган баяндамасын жасады

Бүгүн, 14-ноябрда Ош шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Ош шаарындагы колледжинин студенттерине “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имамы Мырза каары Осмонов  “Адептүү адам, абийир табат” деген темада тарбиялык саат өткөрдү.

Анда ата-энени сыйлоо, коомдо эл менен жакшы мамиледе болуу, жаштарды убактысын туура пайдаланууга чакырып, студенттерди окууга кызыктырган оюндар ойнотулуп, алардын логикалык жактан өсүусүнө бир аз болсо да салым кошулду.

“Жаштар биздин келечегибиз. “Жаш бутак тез ийилет” деп бекеринен айтылган эмес. Мына ошондуктан биз жаштарыбыздын туура эмес жолго түшүп калуусун сакташыбыз жана алдын алып жүрушүбүз керек”,-деди Мырза каары Осмонов.

Белгилей кетсек, мындай иш-чара Ош шаардык жаштар комитети тарабынан демилгеленип, Ош шаарындагы бардык окуу жайларда өтүлүүдө.