Дин кызматкерлери менен бийлик өкүлдөрү калкты электрондук каттоодо биргеликте иш алып барышмакчы

Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” жана “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыктарында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптертирүү жылына карата “Мамлекеттик кызматтарды бирдиктүү электрондук кызмат көрсөтүүгө өткөрүү” деген темада жыйын болуп өттү.

Аталган жыйынга Ош шаардык мэриясынан өкүлү Алишер Ажибаеав, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусак жана жергиликтүү мечит имамдары катышты.

Жыйында Кыргызстан боюнча боло турган эл каттоого даярдык көрүү үчүн “Сулайман-Тоо”, “Керме-Тоо” жана “Жапалак” аймактык муниципалдык сыноо үчүн электрондук каттоо аркылуу жүргүзүү керектиги айтылда. Мындай иш-чара биринчи жолу болуп жаткандыктан, ага даярдык көрүү үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

“Электрондук жол менен эл каттоону жүргүзүү азыркы заман талабы болуп саналат. Биз дин кызматкерлери элге түшүндүрүү иштеринде активдүү катышып берүүгө даярбыз”- деди Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби И. Юнусов.