Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Баку шаарында өткөн дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн экинчи саммитине катышты

Кечээ, 14-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Азербайджандын Баку шаарында бүткүл дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн башын бириктирген саммитке катышты.

Дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн экинчи  саммити Азербайжан мамлекетинин президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетинин муфтийлери, дин кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жалпы 500гө чукул коноктор чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндү диндер аралык кызматташтыкты мындан дагы жандантып, терроризм жана эсктремизм менен күрөшүү, аялдардын жана балдардын укугун коргоо боюнча маселелер каралып, саммиттин жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынды.