Ош облусунун имамдарына «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдон турган 450 даана китеп таратылды

Кечээ, 14-ноябрда ОшМУнун жыйындар залында дин кызматкерлери үчүн «Дин менен илимдин өз ара байланыштары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Анда Ош облусунун имамдарына 7 томдон турган  «Хадистердин негизинде Ислам»  аттуу китеби  таратылды.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБ Аппарат башчысы Садыбакас ажы Доолов, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязаалы ажы Арипов, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн адиси Борумухаммед Эсенов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Теология факультетинин деканы Зайлабидин Ажимаматов жана дин кызматкерлери, имамдар катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң келген коноктор өздөрүнүн баяндамаларын жасашты. Алгач эле ОшМУнун жаңы дайындалган ректору Кудайберди Кожобеков бул конференцияны чоң иш-чара экенин баалап, имамдар менен дин кызматкерлерин ишин жакшыртууда өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев,  алтын доордогу ислам менен учурдагы исламдын айкалыштарына токтолуп, учурдагы Европа маданиятынын калыптануусунда Ислам маданиятынын салымы чоң экенин билдирсе, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Исламдын эң эле алгачкы аяты илим алууга басым жасаганын белгилеп, аталган китептер имамдар үчүн пайдалуу болооруна ишеним көрсөттү.

Маалым болгондой, «Хадистердин негизинде ислам» китеби Түркия Диянет фондунун басылмалары тарабынан колдоого алынып, 3 жылдык эмгекти талап кылган. Китеп, 360  теманы камтып, күн сайын бир теманы алып чыгуу аркылуу бир жылдын ичинде бүтүрүүгө ыңгайланышкан.