Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков  «Исламда аялдын орду» аталыштагы баяндамасын жасады

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков калаадагы №14 кесиптик лицейинде  окуп жаткан студенттерге “Исламда аялдын орду” аталыштагы баяндамасын жасады.

“Бул иш-чара жыл бою уюштурулуп, болушунча түшүндүрүү иштерибизди улантуудабыз”-деди Талант ажы Сабриков. «Бейиш-эненин таман астында» деген чакыруунун астында, эненин ыйыктыгы, улуулугу, Исламда эненин, аялзатынын орду туурасында кенири маалымат берилди.

Мындан сырткары салт жана дин түшүнүктөрү боюнча айтып, жалпы катышуучулар тарабынан келген кызыктыруучу суроолорго Талант ажы жооп берди.