Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев  «Ырыс алды ынтымак» аталышта жыйын өткөрдү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында, имамдардын, аксакалдардын жана жаштардын катышуусунда «Ырыс алды ынтымак» аталышта жыйын болуп, баш имам хатиб Максат Сейталиев ынтымакка, биримдикке жана улуунун урматтап, кичүүнү ызаттоого чакырды.

«Ынтымак бар жерде ырыс бар» демекчи, жыйындын максаты элибизди ынтымакка чакырып, ата-бабаларыздын насаат кептерин айтып, араздашуудан, улуттар аралык бөлүнүп-жарылуудан алыс болууга чакыруу»,-деп билдирди өз сөзүндө Максат Сейталиев.

Мындан сырткары, айыл аксакалдары жаштарыбызга ата-бабаларыбыздын насааттарын, жөрөлгөлөрүн айтып, ата-энени жана мекенди сүйүүгө чакырышты.