Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков жаш өспүрүмдөр менен иш алып барууга чакырды

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятында Каракол шаарынын имамдарына жана Казыят кызматкерлеринин катышуусунда облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков “Балдарыбызга улуттук жана диний баалуулуктарды үйрөтөлү” деген темада жыйын өткөрдү.

Анда ар бир улут динин, тилин, маданиятын, улуттук баалуулуктарын билип, үйрөнүп, сактап, кийинки муундарга өткөрүү зарылдыгына токтолду.

Мындан сырткары, жаштарды ата-эне, айлана-чөйрө менен болгон мамилени оңдоого, адеп-ахлактуулукка, ыймандуулукка, мекенди сүйүүгө, улуттук маданиятты үйрөтүп-жеткирүү динибизде чоң басым жасалганы белгиленди.