Кыргызстандагы диний окуу жайлар бири-бирине зыярат кылышып, тажрыйба алышты

Кыргызстан аймагындагы  “АВЕП” коомдук фондунун  «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, аталган фонддун жана диний окуу жайлардын жетекчилире менен биргеликте тажрыйба алмашышты.

Иш-чарада окуу жайлар билим берүү жана таалим тарбиядагы усулдук шыктарды арттыруу максатында бири-бирине зыярат кылышып, тажрыйба алышты.

Окуу жайлардын тажрыйба алмашуусу алгач Оштогу Кыргызстан Ислам университетинин “Куран” колледжинде, “Ыйман” лицейинде. Ал эми Чүй аймагында Эл аралык Кувейт университетинде, “Рамза” медресесинде жана башка диний окуу жайларда жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоору өлкөнүн 7 облусунун 28 медресе иш алып барууда. Ал жерде билим алган жаштарга суроо-талап муктаждыгы күч болгондуктан ар кандай кесиптер үйрөтүлүүдө. Тактап айтканда ашпозчу, электрик, ширетүүчү, тикмечи, бал челекчи ж.б. бир топ кесиптерди үч айдын ичинде үйрөнүп чыкканга шарт түзүлгөн.