Нарын шаарындагы борбордук Азирети Али мечитинин ичи бөлүгү толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, эл кызматына берилди (ФОТО)

Кечээ, 15-ноябрь жума күнү Нарын шаарындагы Азирети Али мечитинин ичи капиталдык ремонттон өтүп, ачылыш саамалыгы болду. Жума намазга чогулган элге  облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев кайрылуу жасап, борбордук мечиттин тарыхы, салынышы, демөөрчүлөр туурасында кеңири баяндады. Андан соң Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дюшеев өкүлчүлүктүн атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, элди ынтымакка, берешендикке чакырды. Жума намазы окулуп бүткөн соң борбордук мечиттин ачышылына келген жарандарга сый тамак уюштурулду.

Эскерте кетсек, Нарын шаарындагы борбордук Азирети Али мечитин куруу 1990-жылы сунушталып, 1991-жылы курулушу башталган. Мечит кайрымдуу инсандардын жардамы аркасында 1993-жылы ашар жолу менен бүткөрүлүп, мындан туура 26 жыл мурун 14-ноябрда ачылыш аземи болгон. Ал мезгилден бери майда-барат оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келгендигине карабастан, мечит кышкысын суук болуп, эшик-терезелери  эскирип, капиталдык ремонтко муктаж болуп келген.

Бүгүнкү күндө мечит Нарын элинин, жамааттын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2 айга чукул  толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кайрадан Нарын элине кызматын кыла баштады.