Сокулук районундагы мечиттер кыштын камын көрүшүүдө. Учурда райондогу 4 мечитке демөөрчүлөр 25 тонна көмүр түшүрүп беришкен

Кыш мезгилине даярдануу максатында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы «Ихлас» мечитине 10 тонна көмүр алынды. Бул туурасына Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев билдирди.

«Кыш айлары жакындап, суук түшө баштаганына байланыштуу Сокулук районуна боюнча бардык мечиттерди жылуулук менен камсыздоо иштери кызуу жүрүп жатат. Алгачкылардан болуп «Ихлас» мечити баштады. Ошондой эле Жаңы-Пахта айылындагы «Саани ибн Иса» мечитинин жамааты биргелешип 11 тонна көмүр жана «Аль-Худо»  мечитинде 1 тонна, «Халид ибн Валид» мечитинин жамааты 3 тонна көмүр алынганын мечит имамдары кабарлашты»,-деди Икрам ажы Ырысбаев.

Эскерте кетсек, мечиттерди жылытуу максатында түшүрүлгөн көмүрлөрдү кайымдуу жарандар алып беришкен.