Аламүдүн райондук хатибияты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте «Кут билим» окуу борборуна барып, экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов райондук акимчиликтин дин иштери боюнча өкүлү Өмүрбек Байгазиев, РИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Адилет Рысалиев менен биргеликте Байтик айылындагы «Кут билим» окуу борборунун жана Ахматбек Сүйүнбаев атындагы орто мектептин жогорку классынын  окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда экстремизм, терроризм жана адеп-ахлак боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чарага катышкандар өздөрүнө тиешелүү баяндамаларын жасап, узатылган суроолорго жооп беришти.

«Азыркы доордо элдин көпчүлүгү экстремизм, терроризмди динге гана тиешелүү көрүнүш деп билишет. Бирок, чын-чынына келгенде экстремизм, терроризм башка көптөгөн тармактардан табылат. Биз бул туура эмес жоруктан оолак болуп, жашообузду дүйнө жана акыретке пайдасын алып келе турган нерселер менен өткөрүшүбүз керек»,-деди Абдурахман ажы Анаркулов.

Эскерте кетсек, Аламүдүн райондук хатибияты жана Аламүдүн районунун акимияты биргелешип иш-план түшүшүп, анын алкагында райондогу бардык окуу жайларда түшүндүрүү  иштерин жүргүзүшүүдө.