Талас областук казыяты имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында семинар өткөрдү

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы  «Бакай-Ата» медресесинде Талас шаарынын жана Бакай-Ата районунун жалпы имамдарынын квалификациясын жогорулатуу максатында 2 күндүк  окуу семинары болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө жалпы имамдар шарият илиминен өздөрүнө керектүү болгон сабактарды ала алышты. Окуу семинарды казыяттын кызматкрелери жана аалымдар Сыдыков Касым ажы, Сагынбаев  Медер ажы жана Абдусамат уулу Өмүрзак ажылар өтүшүп, имамдарга билим деңгээли менен жүрүм-туруму менен элге үлгү болушу керектиги баса белгилешти.

Семинардын жыйынтыгында, имамдарга казыят тарабынан сертификаттар тапшырылып, имамдар уюштуруучуларга өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, мындай окуулар дагы да уюштурулуп туруусу керектигин билдиришти.