Сузак районунда аялдар жана кыз келиндер үчүн китепкана ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айыл округунда аялдар жана кыз келиндер үчүн айыл жаштарынын демилгеси менен китепкана ачылды. Ал китепканада диний китептер, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) тарыхы жана сахих хадистери, Курандын кыргыз тилиндеги котормосу бар. Ошондой эле кыргыздын чыгаан акын, жазуучуларынын китептери дагы текчеге коюлган.

Бул иш-чарага Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов, Жалал-Абад облустук  казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидан ажы Жороев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова жана аялдар медресесинин мугалимдери катышты.

Депутат Айнура Осмонова Чынгыз Айтматовдун бир канча китептерин белекке берип, китепканага Интернет киргизип, окурмандар үчүн ыңгайлуу шарттар көп болушу керектегин баса белгиледи. Иш-чаранын аягында райондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, Куранда медицинага, астрономияга, физикага, химияга, техникага ж.б. илимдерге таандык оригиналдуу маселелер бар экендигин, андыктан китеп менен дос болууга чакырды.