Талас облусундагы «Али ибн Аби Толиб» Ислам медресеси жана «Чет тилдер» кыздар медресесинин окутуучулары тажрыйба алмашышты

Талас обласундагы «Али ибн Аби Толиб» Ислам медресеси жана «Чет тилдер» кыздар медресеси Бишкектеги диний окуу жайларга зыярат кылышып, тажрыйба алмашышты.

Аталган медреселер «АВЕП» коомдук фонду менен биргеликте Бишкек шаарындагы №18-лицейинде жана Эл аралык Кувейт университетине зыярат кылышты. Бул иш-чарада окуу жайлар билим берүү жана таалим тарбиядагы усулдук шыктарды арттыруу максатында чакан жыйындарды өткөрүшүп, тажрыйба топтошту.

Эскерте кетсек, аталган фонд медреселерде ашпозчулук, кондитердик, тикмечи, ширетүүчү ж.б. кесиптерди үйрөтүү курсун киргизип, аларды окуп бүткөн улан-кыздардын дээрлик 65% пайызы жумуш менен камсыз болушту.