Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Куран нуру” Ислам институтунун кыздар бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты

Бүгүн, 18-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Куран нуру” Ислам институтунун кыздар бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, окуу жайдын мүдүрү Зайырбек ажы Аширбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, институттун окутуучулары жана окуучулар, алардын ата-энелери катышты.

Имараттын ачылышында Азирети Муфтий Макстабек ажы Токтомушев диний окуу жайлар арасында кыздар медресесине дагы көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бул жактан билим алган кыздар коомубузду тарбиялоого өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

“Эне таза болсо коомубуз таза болот” дегендей бул жактан тарбияланып, билим алган кыздарыбыз канчалык билимдүү, такыба болсо алардын балдары дагы ошончолук ыймандуу, билимдүү болушат. Мындан улам жаңы ачылган окуу жайдан билимдүү кыздарыбыздын саны көбөйө берсин”,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми окуу жайдын мүдүрү Зайырбек Аширбаевдин айтымында, жаңы ачылган кыздар бөлүмүндө бир гана диний билим берилбестен, мектеп программасынын негизинде предметтер өтүлөт.

“Институттун жаңы ачылган кыздар бөлүмүндө учурда 80 кыз билим алууда. Алар Куран жаттоо менен бирге кыргыз тили, кыргыз адабияты, орус тили, информатика сабагы дагы окутулат. Жакынкы аралыкта тикмечилик жана ашпозчулук кесибин окутуу боюнча жергиликтүү окуу борборлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”,-деди Зайырбек ажы Аширбаев.

Эскерте кетсек, “Куран нуру” Ислам институтунун кыздар бөлүмүнүн жаңы имараты Бүткүл дүйнөлүк  жаштар ассамблеясы тарабынан каржыланып, бүткөрүлгөн.