Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унааны белекке беришти

Кечээ, 18-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл округунда жакшы саамалык болуп өттү. Анда 2019-жылы аймактарды өнүктүрүү жана  өлкөнү санариптештирүү жылына карата казыяттын айыл жерлеринде өткөргөн иш-чараларынын жыйынтыгында Сейдикум айыл округунун баш имам хатиби Кайымбек ажы Жээнбаевго  жергиликтүү жаштар тарабынан «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унаа белекке берилди.

Бул иш-чарага Жалал- Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров , Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков, айыл аймактын имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул иш-чарада облус казысы айыл жаштарына имамдын эмгегин баалап, белек менен сыйлаганы абдан чоң сыймык экенин баса белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди.