Баткен шаарында медреселер арасында «Билимдүүгө -дүйнө жарык» аттуу  диний акыл таймаш өткөрүлдү

Баткен шаарында жергиликтүү ишкер Нурлан Садиров, Бекхан аттуу уулуна сүннөт той өткөрүп, анын алкагында Баткен районундагы  жана Баткен шаарындагы медреселер арасында «Билимдүүгө -дүйнө жарык» аттуу  диний акыл таймашын өткөрдү.

Аталган таймашка Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, медресе кызматкерлери «Муаз Ибни Жабал» , «Нур» , «Абу Бакр» жана «Абу Ханифа»  медреселери катышты.

Ушул сыяктуу форматта акыл таймаш «Муаз Ибни Жабал» медресесинин кыздар бөлүмү 5 тайпага  бөлүнүп алдыңкы орундарга ат салышты.

Жыйынтыгында төмөнкү медреселер ээ болуп, белектер тапшырылды:

1-орун «Муаз Ибни Жабал»

2-орун «Нур»

3-орун «Абу Бакр»

4-орун «Абу Ханифа»