Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Нур» Куран жаттоо медресесинин студенттери менен жолукту

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Баткен районундагы «Нур» Куран жаттоо медресеинин студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу медресе мүдүрү Гапаров Абдурахман ажы билдирди.

Анын айтымында, жолгушуунун алкагында министр студенттердин абалы жана окуу жайдын имараты менен таанышып, медресе кызматкерлери менен пикир алышты.

Ошондой эле студенттерди терең билим алууга чакырып, аларды ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда. Алар канчалык билимдүү, ыймандуу болсо коомубуз дагы оңолот, түздөлөт. Ошондуктан жаштарга айтаарым ар бир убактыңарды сарамжалдуу пайдаланып, китеп көп окугула»,-деди Улукбек Кочкоров.