Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районунун элин ысырапкерчиликтен арылууга чакырды

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Кара-Суу районунун «Достук» мечитинде калкты ысырапкерчиликтен арылууга, ашыкча ырым-жырымдан алыс болууга, бардык нерсени үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууга жана берешендик кылууга чакырды.

Андан  соң Кара-Суу районунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровго Ош облусунун жаңы имаратын салууда көрсөткөн кызматы үчүн  ыраазычылык баракчасын тапшырды.

«Бай барынча, жок алынча берешендик кылуу керек.  Кереметтүү Куранда: «Өздөрүнүн мал-мүлкү, дүйнө байлыктарын күн-түн дебей жашыруун жана  ашкере  кылгандар үчүн Жараткандын алдында эбегейсиз чоң сооп бар.  Алар үчүн эч кандай кайгы жана эч кандай коркунуч жок (Бакара-274)»-деп буюруп жатат.  Мына ошондуктан баарыңыздарды берешендүү болууга чакырамын», — деди облус казысы Самидин каары Атабаев.