Ош облусунда жалпы жол кырсыгынан каза болгондорго багышталып Куран окулду

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында жалпы жол кырсыгынан каза болгон жарандар эскерилип, аларга багышталып Куран окутулду.

Эскерүү иш-чарасына Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Бакиров, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн начальниги Айжигит Закиров, хатибият кызматкерлери, мечит имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жол коопсуздугунун кызматкерлери катышты. Анда жол кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, биргеликте күрөшүүгө чакырышты.

«Автоунаанын көп болуусу жол кырсыгынын негизги себеби катары каралбашы керек. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө деле автоунаанын саны бизге салыштырмалуу алда канча көп. Болгону мыйзамды жана эрежени сактоо зарыл», — деди Нурбек каары Орунбаев.

Эскерте кетсек, ЖКККБнын берген маалыматына караганда, соңку 10 айдын ичинде Ош облусунда 544 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 106 адам каза болуп, миңден ашуун адам жараат алышкан.