Чүйдөгү шаар жана райондордун баш имам хатибтери бир жылдык отчетторун тапшырышты

Чүй облусуна караштуу шаар жана райондордун имам хатибтери бир жылдык отчетторун тапшырышып, өлкөдөгү диний кырдаал боюнча маалымат беришти.

Отчеттук жыйын Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы Чүй казыятынын борбордук «Хадижа» мечитинде өтүп, ага Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери жана баш имам хатибтер катышты.

Ар бир шаар жана райондордун баш имам хатибтери бир жыл алкагында аймактадагы дин кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу оозеки жана кагаз түрүндө отчетторун тапшырышып, Чүй казыяты тарабынан аларга баа берилди.

Ар бир имам хатиб отчеттук жыйынга төмөндөгү пунктар боюнча даярданып келишкен:

  • 2019-жылдын 01-январынан 11 айлык жасаган иштери тууралуу отчет
  • 2019-жылдагы битир-садака жөнүндө маалымат
  • КМДБнын №05-токтому боюнча отчет
  • Мечиттер жана медреселер жөнүндө маалымат
  • Атайын иш пландын негизинде экстремизм-терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө отчет
  • Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата аткарылган иш-чаралар жөнүндө отчет

3 саатка созулган отчеттук жыйында баш имам хатибтердин жалпы отчетторуна канаттандыраарлык деген баа берилип, мындан ары аткарыла турган иштердин бардыгы архивде сакталуусу тууралуу тапшырма берилди.

Эске сала кетсек, Чүй облусу боюнча 10 хатибият ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.