Баткен шаарында окуучуларды адептүүлүккө чакырган тарбиялык саат өткөрүлдү

Кечээ, 19-ноябрда Баткен облусунун мусулмандар казыятынын кызматкери Фуркат Авлиёев Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин окуучуларына «Ыйман, адеп-ахлак жана тарбия» деген темада тарбиялык саат өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу, окуучулардын убактысын туура пайдалануу, татыктуу билим, тарбия алган окуучунун келечеги кең болоору баса белгиленди. Ошондой эле окуучуларды билим алууга жана адеп-ахлактуу болууга чакыркан видеороликтер көрсөтүлүп, анын айланасында талкуу уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда мугалимдер жана окуучулар адам баасы үчүн таалим-тарбиянын ордо өзгөчө экенин айтышып, мындай тарбиялык сааттарды байма-бай өткөрүп турууну өтүнүштү.