Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Араван районунун имамдарына ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча тапшырмаларды берди

Кечээ, 19-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Араван районунун мечит имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев имамдарга ысырапкерчиликти жоюу жана алдын алуу, эл менен тыгыз иштешип, коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоого багытында имамдарга бир катар тапшырмаларды  берди.

“Көпчүлүк аймактарыбызда ысырапкерчилик жоюлуп атат. Алсак, Өзгөн районунун Кароол айылдык аймагында маркумду акыркы сапарга узатуу, андан кийин үчтүгү, кыркылыгы жана жылдыгы сыяктуу көрүнүштөр жоюлду. Мындан бардык имамдар сабак алып, өздөрүнүн жашаган аймагына дагы ушундай иштерди колго алып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл”,-  деди облус казысы Самидин каары Атабаев.