Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Якутиянын Муфтийи Муса Саго менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Якутиянын (Саха) Муфтийи Муса Саго менен жолугушту.

Жолугушууда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Муса Сагонын Кыргызстанга жасаган илимий сапары жемиштүү болоорун белгилеп, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, достук алаканы чыңдоо жана дин башкармалыктардын мындан аркы кызматташтыгын арттыруу жана учурдагы диний кырдаал боюнча пикир алышты.

Ал эми Якутиянын Муфтийи Муса Саго эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаш, достук алака жана диний тармактагы кызматташтык мындан ары да өнүгө берээрин кошумчалап, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевди Якутияга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.