Вознесеновка айылындагы «Закарин» мечитине жылуулук системасы орнтотулду

Чүйдөгү Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылындагы «Закарин» мечитине жылытуу системасы орнотулду. Бул тууралу бүгүн, 20-ноябрда Панфилов районунун баш имам хатиби Жумабек ажы Дуванаев билдирди.

Анын айтымында, жылытуучу системасын курууга жалпысынан 50 миң сомго жакын акча каражаты жумшалып, жергиликтүү айыл тургуну Куват Жуматаев демөөрчүлүк кылды.

Ошондой эле, курулуш иштерин өз колуна алып, аягына чейин акысыз айыл тургуну Болот Бирмухамметов жасап берди.

«Негизи эле мамлекетибиз боюнча мечиттерди жылуулук системасы менен камсыз кылуу айылдарда өтө көйгөйлүү маселе. Аллах Таалам насип этип мындай сообу чоң иштерге өз жарандарыбыз көмөк көрсөтүп жатканы мени абдан кубандырат. Жакшылык ишке салым кошкон ар бир жаранга Аллах Таалам эбегейсиз жакшылыктарын төгүп берген болсун», — деди баш имам хатиби Джумабек ажы Дуванаев.