Ош облусунда каттоодон өтпөгөн мечиттер текшерилди

Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдумалик Турсунбеков Кара-Кулжа жана Араван районундагы мамлекттик каттоодон өтпөй калган мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча имамдарга чакан жыйын өткөрүп, мечиттердин шарты менен таанышып чыкты.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулду.

«Араван районунда жалпы 10го жакын, Кара-Кулжа районунда болсо 6 мечит каттоодон өткөн эмес. Алардын арасында жеке менчик мечиттерди да кезиктирүүгө болот. Мечиттер менчик болбооги тийиш.  Жеке менчик болгон мечиттерде жердин ээси өз ыктыяры Муфтияттын балансына, же болбосо айыл өкмөттүн балансына өткөрө алат», — деди Абдумалик Турсунбеков.