Кара-Буурада имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулган семинар жыйынтыкталды

Талас Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Умар» атындагы мечитте Кара-Буура жана Манас  районундагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында 2 күндүк окуу семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Талас облусунун казыятынын кызматкерлери имамдар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон жума хутбасы тууралуу кенен маалымат беришип, аларга туура чеберчилик жана чечендик менен айтып берүү жолдору дагы үйрөтүлдү. Жыйынтыгында ар бир имамга билим-деңгээлин бышыктаган сертификаттар тапшырылды.

Буга чейин маалым болгондой, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргызстан аймагындагы жалпы имамдар үчүн бирдиктүү «Жума хутбалары» китебин 6 миң нускада басып чыгарган. Аталган китеп ар бир имамга тартылып берилген. Китеп имамдардын билим сапатын жогорулатуу жана хутба айтуу чеберчилигин өркүндөтүү максатында даярдалган. Мындан тышкары жыл сайын бирдиктүү намаз календары дагы жарык көрүп таратылып келет.

Эскерте кетсек, Талас облусундагы имамдарга жума хутбасы боюнча окуу семинары буга чейин Бакай-Ата, Талас шаарынын имамдарына өткөрүлүп келген болсо, эми Талас районунун имамдарына өткөрүлмөкчү.