Талант ажы Сабриков: Балдар биздин келечек болгондуктан алардын ыймандуу, билимдүү, акылдуу жана зирек болушуна өз салымыбызды кошушубуз керек

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Каракол шаарындагы №9- А.П.Чехов атындагы мектебинин окуучулары менен жолугушуп, билим алуунун артыкчылыгы, ден соолукка зыян келтирген нерселерден алыс болуу, улууларды урматтоо жана кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты боюнча баяндама жасады.

Мектеп окуучулары менен өткөн жолугушууга мугалимдер, ШИИБдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

“Мектеп окуучуларына туура багыт көрсөтүп, аларды ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кылуу максатында бул иш-чара жылына графиктин негизинде уюштурулат. Балдар биздин келечек болгондуктан алардын ыймандуу, билимдүү, акылдуу жана зирек болушуна өз салымыбызды кошушубуз керек”,-деди Талант ажы Сабриков.