«Ал-Бухарий» Ислам институнун студенттери жума хутбаларын өтүшөт

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылдык аймагындагы «Ал-Бухарий» Ислам институтун студенттери менен жолугушуп, анда студенттердин жума хутбаларын өтүү маселесин колдоду.

Иш-чарага «Ал-Бухарий» Ислам институтун ректору Абдирахман каары Атабаев, окутуучулары жана илим талап кылуучулар катышты.

«Жыл сайын биздин бүтүрүүчү жана алдыңкы студенттерибиз мечиттерде жума хутбаларын, айрымдары болсо жума баяндарын өтүшүп келүүдө», — деди Абдирахман каары Атабаев.