Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев «Ислам жана православие — тынчтыктын диндери» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышты

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан «Ислам жана православие — тынчтыктын диндери» аталышындагы эл аралык конференция  өтүүдө. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов жана Россия, Кыргызстан, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, диний уюмдардын, радикализмдин жана экстремизмди алдын алуу маселелери боюнча окумуштуу илимпоздор жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарада Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ислам дини тынчтыкка үндөп, элдин бейпил турмушуна, конфессиялар аралык достукка чакыра тургандынын билдирди.

“Мейли Ислам же Православие болсун, бардык диндер ар бир адамдын анын диний ишенимине карабастан абийир, ар намысын коргоого кепилдик берүүчү жалпы адамзаттык баалуулуктарга сугарылган.

Анткени, Алла Таала ыйык Курандагы өкүмү ушундай. Алла Таала Курани Каримде мындай деп айткан:

«وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ».

«Биз Адам балдарын артык кылдык» (17 Аль-Исра, 70).

Ошондуктан Исламдын чакырыгы бул  адамдардын абийирин жана ар намысын урматтоо.

Мунун акыйкаттыгына биздин өлкө мисал боло алат. Биздин Кыргызстанда калкынын 90% мусулман болгондугуна карабастан эч качан диний жаатында түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар болгон эмес, тескерисинче биздин мамлекеттеги ар кандай конфессиялардын ортосунда  ар дайым тынчтык жана бейпилчилик, достук жана биримдик, өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо өкүм сүрүп келген жана ушул биздин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларында корголгон башкы артыкчылыгыбыз болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  32 беренесинин 4 пунктуна ылайык «Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес».

Ал эми Алла Таала Курани Каримде айтат:

“Эй, адамдар! Биз силерди эркек-аялдан жараттык. Ошондой эле бири бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар – такыбараагыңар. Чындыгында, Аллах – (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.