Майлу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков «Тазалык-бул ыймандан» аттуу темада тарбиялык саат өткөрдү

Жалал-Абад облусундагы Майлу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков шаардагы №5-орто мектептин 8-класстарынын окуучуларына «Ата-энени сыйлоо жана урматтоо» жана «Тазалык-бул ыймандан» аттуу темалардын алкагында тарбиялык саат өттү.

Анда Абсатар ажы Эркинбеков: «Ата-эне кандай гана кырдаал болбосун уулдун сыпайы жана жылуу мамилесине татыктуу жана уул аларга жылмайып гана сүйлөгөнү – аларга болгон урматынын белгиси. Ал эми төргө чыгарып, тамактын асылын аларга сунуп, ордуна бирөөнү отургузбай коруганы – аларды сыйлаганы»,-деди Абсатар ажы.  

Жолугушуунун соңунда мектеп коллективи жана окуучулары берген суроолоруна канааттандыраарлык жооп алгандарын белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.