Исфана шаарындагы  «Абдулло ибн Аббас » Ислам институтунда  мавлид иш-чарасы өткөрүлдү

Баткен облусунун Исфана шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» Ислам институтунун кыздар бөлүмү ректордун демилгеси менен, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в)дын төрөлгөн  айына карата  мавлид иш-чарасын уюштурду.

Иш-чарага  Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дуйшөев, институттун ректору Медербек ажы Намабаев  жана мугалимдер катышты.

Иш-чаранын алкагында Пайгамбарыбыздын өмүр баяны, Ислам дининин асыл баалулуктары туурасында аят, хадистердин негизинде  маалыматтар айтылды. Ошондой эле студенттер арасында суроо-жооп болуп, суроого так жооп берген катышуучуларга Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дуйшоев акчалай жана белектерди тапшырды.