Максат Сейталиев: “Ысык-Көл районунун имамдары менен биргеликте элибизге динди туура жеткирүү аракеттери көрүлүүдө”

Бул туурасында райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев билдирди. Райондук хатибияттын демилгеси менен райондогу имамдар биргеликте даават кербенин уюштуруп, учурда айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен кезигип, активдү иш алып барышууда.

“ Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аткарылып жаткан бул иш өзүнүн жемиштүү жыйынтыгын берүүдө”,- дейт Максат Сейталиев. Өз учурунда эл менен жолугушуу, кароосуз калган карыяларды зыярат кылуу, жардамдарды көрсөтүү, мектеп окуучулары менен жолугушуу жана жетишсиз турмушта жашаган үй-бүлөөлөрдүн санын тактап, балдарынын билим алышына колдон келген жардамдарды көрсөтүү сыяктуу иштер дагы аткарылып, кийинкиге пландаштырылууда.

“Алдыда дагы жылдык ишмердүүлүктү толук жыйынтыктап, бул даават кербенинде аткарылбай калган иштерибизди аткарып, улантмакчыбыз”,- деп кошумчалады баш имам хатиб.