Ош облусунда каттоодон өтпөгөн мечиттердин документ иштери иретке келүүдө

Ош облусунун курулуш жана мечит адиси Абдумалик Турсунбеков Кара-Суу жана Ноокат  райондорунун мечит имамдарына жыйын өткөрүп, андан соң ОшМУнун теология факультети тарабынан даярдалган «Хадистердин Негизин Ислам» аттуу китеби таратылды. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлдү.

Иш-чарага Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, ОшМУнун теология факультетинин деканын орун басары Абдүлмежит Исламоглу жана мечит имамдары катышты.

«Кыргызстан боюнча эң эле көп мечит Ош облусунда жайгашкан. Биз облуска караштуу бардык райондорду кыдырып, айрым каттодон өтпөй калган мечиттердин документ иштерине көмөктөшүүдөбүз», — деди Абдумалик Турсунбеков.