Талас областук мусулмандар казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Медер ажы Сагынбаев батанын касиети тууралуу маек курду

Бүгүн, 22-ноябрда Талас областтык мусулмандар казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Медер ажы Сагынбаев, Талас областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Маматалиев менен бирге  Талас телерадиокомпаниясынын «Дил маек» көрсөтүүсү аркылуу Талас элине исламда жана кыргыз элинде бата берүүнүн эрежелери туурасында маек курушту.

Анда аксакалдар кеңешинин төрагасы Мүнүр Маматалиев кыргыздын каада-салтында бата берүүнүн эрежелери туурасында айтып берди.

Ал эми Медер ажы Сагынбаев исламдагы бата берүүнүн  туурасында түшүндүрүп, «Пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.В) бизге батанын «дубанын» баардык түрүн үйрөтүп кеткен тамак алдында окула турган дубадан тарда дээрлик бардыгын чейин. Тилеке каршы кээ бир бир туугандарыбыз диний сабатсыздыгы жоюлбагандыктан билбей калышууда.  Азирети Абу Дардаа (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

«Кимде-ким эртели-кеч жети жолу ушул дубаны окуса, Алла таала дүйнө жана акырет жөнүндөгү анын бардык кайгы-капаларын кетирет».
«ХАСБИЯЛЛААХУ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАА ХУУ, АЛАЙХИ ТАВАККАЛТУ ВА ХУВА РАББУЛ-АРШИЛ-АЗИЙМ»
Котормосу: «Алла мага жетиштүү. Андан башка эч кандай Кудай жок. Мен Ага гана тобокел кыламын жана ал улуу Арштын Раббиси»,-деди.

Ошондой эле кыргыз элинде калыптанып калган «ак бата», «кара бата», «каргыш бата» жөнүндө кененирээк айтып, башкаларга каразгөйлүк кылуудан алыс болууга чакырып өттү.
Талас телерадиокомпаниясынын мүдүрү Үмөтов Эрмек конокторго жакшы дил маек куруп бергендиги үчүн терең ыраазычылк билдирди.