Ала-Бука районунун баш имам хатиби мектеп окуучуларына Куран жарыш уюштурду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүндө Алма-Бел айылында жайгашкан «Нарбото» мечитинде мектеп окуучуларынын каникул убагында Куран үйрөтүү максатында баш имам хатиби Чыналиев Шумкарбек ажы тарабынан сынак уюштурулду.

Сынака жүзгө жакын бала катышып жыйынтыгында;

1-орунга эки орун 5000 сомдон 10000 сом.

2-орунга 3500 сомдон 7000 сом.

3- орунга 2000 сомдон 4000 сом өлчөмүндө акчалай  сыйлыктар берилди. Калган катышуучуларга ар бирине 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар таратылды.

Бул саамалык райондун аймактырында балдардын ар бир чейректен кийинки эс алуу күндөрүндө уюштурулуп келет. Райондун баш имам хатиби ар бир мечиттин имамдарына балдарга Куран үйрөтүүгө тапшырмаларды берди.