“Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имамы Мырза каары Осмонов студенттер үчүн адеп сабагын өткөрдү

Ош шаарындагы ОГПИнин кыргыз-орус факультетинин студенттери үчүн адеп сабагы болуп, анда “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Осмонов Мырза каары жаштарды адептүүлүккө чакырган баяндамасын жасады.

Лекциянын алкагында Мырзы каары билим алуунун зарылдыгына токтолуп, студенттер өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришип, дин аалымынан жоопторду алышты.

“Силер өз тандаган кесибинерди жакшы өздөштүргүлө. Анткени мусулман адам бир иш баштаса, аны майын чыгарып аткарат. Дарак канча көп мөмө алса, ошончо ийилет. Адам деле ушул сыяктуу  канча көп илим алса, ошончо жөнөкөй  болуусу керек”, –деп баса белгиледи имам хатиб М. Осмонов.