Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов жоокерлерге “Суицидди алдын алуу” боюнча баяндамасын жасады

Кечээ, 21-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош шаарындагы №2024 аскер бөлүгүндө “Суицидди алдын алуу” боюнча баяндамасын жасады.

Жыйындын алкагында Мирланбек ажы Токтомушов өз жанын кыйуу кечирилгис чоң күнөө экенин баса белгиледи. «Ыйык Курандын Ниса сүрөсүндө өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу Алла Таала: «Силер өзүңөргө өзүңөр кол салбагыла же өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө” деп айтат. Эгерде кимде-ким өзүнө-өзү душмандык кылып, зулумдук жасаса, кол салса аны биз тозокко калтырабыз дейт»

Мындан тышкары Мирланбек ажы мекенге болгон сүйүү, экстремизм жана терорризмдин алдын алуу тууралуу дагы токтолуп, аскерлерге  достук, ынтымактык биримдикте болуу керектиги жөнүндө өз акыл-насаатын айтты.

Жыйындын соңунда  аскер кызматкерлери диний багыттагы суроолоруна так жана туура жооп ала алышты.