Кеминдин Калмак-Ашуу айылында аялдар үчүн 40 күндүк окуу курсу иштеп жатат

Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылынын «Шабдан Ата» медресесинде кыз-келиндер үчүн 40 күндүк окуу курсу иштеп жатат. Бул тууралу Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган курс Кемин районунун хатибиятынын көзөмөлүндө ачылып, «Аль-Фатиха» окуу борборунун мугалимдери Куран, фикх, сира, адеп жана сүннөттөр туурасында сабактарды өтүп келет.

«Эркектер мечитке барып, дааватка, лекцияларга катышып көп маалымат алат экенбиз. Диний илим бул эркектерге кандай парз болсо, аял затына да дал ошондой парз. Шаарларда, райондун борборлорунда турган эже-карындаштарыбыздын диний билим алганга шарттары көп эле. Бирок, алыскы айыл жергесинде эже-карындаштарыбыздын арасында диний сабатсыздык өтө эле жогору. Мына ошол себептен айылга жогоруда айтылган курстарды ачып жатабыз», — деди райондун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев.

Аталган курста 30 аял диний билим алууда, курс аягында атайын сертификатар да ыйгарылат.