Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгында облустук жана шаардык казылар 11 айда жасаган иштери тууралуу отчётун тапшырышты

Бүгүн, 22-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 7 облустун, 2 шаардын казысы 2019-жылда аткарган иштери тууралуу жылды жыйынтыктаган отчётторун тапшырышты.

Отчёттук жыйынга Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазиев, Замир каары Ракиев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов, КМДБнын бөлүм башчылары жана облустук жана шаардык казылар катышты.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ар бир кызмат аманат экенин баса белгилеп, казылардын отчётун укту. Ал эми казылар 10 пунктан турган буйруктун негизинде отчет даярдап келишкен.

Алар;

— КМДБ тарабынан чыгарылган буйруктардын аткарылышы
— Казыят тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын тизмеси
— 2019-жылдагы ажылык амалдары
— Садака-битир
— Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жүргүзүлгөн иш-чаралар
— Мечиттердин мамлекеттик каттоодон өтүшү
— Экстремизм-терроризмдин алдын алууда жүргүзүлгөн иштер
— 2014-2020-жылдарга карата КРнын диний чөйрөдө мамлекеттик саясатынын концепциясынын ишке ашышы боюнча отчёт жана башкалар бар.

Аталган пунктун ар бирине казылар токтолуп, ар бир казыга 20 мүнөттүн тегерегинде убакыт берилди.

Жыйынтыгында Азирети Муфтий, КМДБнын бөлүм башчылары казыларга жасаган иштери тууралуу суроолорун жана өз сунуштарын беришип, казылардын жыл жыйынтыктаган отчётторуна “жакшы” деген баа берилди.