Аламүдүн районунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселеси талкууланды

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун администрациясынын жыйындар залында «Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» аттуу семинар болуп өттү. Бул тууралы Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов бүгүн, 22-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, аталган семинар Аламүдүн районунун администрациясынын демилгеси менен уюштурулуп, иш-чарага Аламүдүн районунун администрациясынан өкүлү Өмүрбек Байгазиев, ИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкери Адилет Рысалиев, Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов жана районго караштуу мектептердин мугалимдери катышышты.

«Катышуучулардын ар кимиси өздөрүнө тиешелүү баяндамаларын жасап, терс диний агымдар, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жаатында өз ойлорун билдиришип, көп улуттуу эл арасындагы биримдик-ынтымакты бекемдөө үчүн түшүндүрүү иштерин токтотпостон улантууну белгилешти», — дейт баш имам хатиб Абдурахман ажы Анаркулов.

Эске сала кетсек, ушул сыяктуу иш-чаралар Аламүдүн районунун акимияты жана райондук хатибияттын жылдык иш планынын негизинде жүрүп келет.