Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Болочок эне билимдүү, мээримдүү жана акылман болушу керек

Кечээ, 24-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Расул Акрам институтунун шарият факультетин 4 жыл окушкан кыздардын бүтүрүү кечесине катышып, дипломдорду тапшырды. Саамалыкка институттун негиздөөчүсү, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мамасабыр ажы Досболов жана Расул Акрам институтунун  ректору Садыр ажы Иметов катышып, окуу жайды аяктаган студенттерге ийгилик каалашты.

«Билим алуу ийне менен кудук казгандай. Абдан оор жана жоопкерчиликтүү. Ата-эне баласына ишенимин артып, окутуп, билимдүү кылууга далалат кылат. Эми ошол мээнетти актоо ар бирибиз үчүн милдеттүү. Билимди окуп эле койбостон анын үстүндө эмгектенүү зарыл. Болочок эне билимдүү,  мээримдүү жана акылман болушу керек»,-деди Азирети Муфтий.

Андан соң Расул Акрам институтунун тарыхын баяндаган слайд көрсөтүлүп, окуу жайдын ишмердүүлүгү, басып өткөн жолу бүтүрүү кечесине келген ата-энелерге тартууланды.

Эскерте кетсек, Расул Акрам институтунун шарият факультетин 22 кыз аяктаса, 2 студент артыкчылык дипломуна ээ болушту.